Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 9 жашар кыз табылды

Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 9 жашар кыз табылды

Төрт күн мурун жоголгон 9 жашар Аяна Эмилбекова табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Аяна Эмилбекова 31-октябрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Абдраев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. 

Жакындары укук коргоо органдарына аны табууга жардам сурап кайрылып, издөө иштери жүрүп жаткан. Анын алкагында бүгүн, саат 15:00дөр чамасында жоголгон кыз аман-эсен табылган. 

Аяна Эмилбекованын коопсуздугу жана аталгандай фактылар кайталанбашы үчүн анын жакындары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Учурда бул иштин чоо-жайы милиция тарабынан такталууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>