Төрт унаага бир номер тагып 108 ирет жол эрежесин бузган милиционер кармалды

Төрт унаага бир номер тагып 108 ирет жол эрежесин бузган милиционер кармалды

Бишкекте төрт башка автоунаага бир мамлекеттик номер тагып, жол эрежесин 108 жолу бузган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдиргенин бир катар басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, милиция кызматкеринин жоопкерчиликтен качуу үчүн жасаган амалы «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларына түшүп калган.

Кармалган милиция кызматкери жасалма мамлекеттик олдонгондугу үчүн  дисциплинардык жазага тартылып, ага акчалай айып салынган. Ал эми прокуратура мыйзам бузган милиция кызматкерин катуу жазага туртуу боюнча сунуштама жиберген.

сүрөт: sputnik.kg

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>