Таңкы тамактан баш тартуу семирүүгө алып келет

Таңкы тамактан баш тартуу семирүүгө алып келет

Дарыгерлердин айтымына карганда, узак убакыт бою таңкы тамактан баш тартып жүрүү семирүүгө алып келиши мүмкүн.

Эрте мененки тамакты ичпөө жүрөк-кан тамыр оорусу менен инсультка алып келет. Бул боюнча окмуштуулар изилдөө жүргүзүшкөн.

Алар 40 жана 75 жаштын ортосундагы 6 миң 550 адамдын ден соолугун текшеришкен. Белгилүү болгондой, адамдар ар дайым таңкы тамагын ичпей жүрө берсе, ашыкча салмак топтолот, кан басым жогорулайт, кант диабети өөрчүйт.

Ошондой эле таңкы тамактан баш тартуу төмөнкүлөргө алып келет:

Таң эрте тамак ичпегендер арасында жүрөк-кан тамыр оорусунан каза болуу, саарлап шам-шум эткендерге караганда 87%га жогору болуп чыкты.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, таңкы аштан баш тартуу милдеттүү түрдө ошол ооруларды чакырбашы да мүмкүн. Бул боюнча азыр кошумча изилдөөлөр жүрүп жатат. Таңга маал эмнелерди жеш керектиги сунушталбайт. Болгону эрте мененки тамактануудан баш тартпай, табитке туура келген тамакты жээген туура болору айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>