Таалайбек Курткаев атындагы республикалык кайрымдуулук фонду Нарын облусунун Кочкор районундагы муктаж адамдарга көмөк көрсөттү.
Фонд тарабынан Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Орток жана Ак-Талаа айылдарынын элине 15 тонна ун таратылды.
Жардам негизинен мугалимдерге, дарыгерлерге жана калктын аярлуу катмарын түзгөн муктаж жана көп балалуу үй-бүлөлөргө берилген.