Site icon Reporter.kg

Таалайбек Курткаев кайрымдуулук фонду муктаждарга 15 тонна ун таратты

Таалайбек Курткаев атындагы республикалык кайрымдуулук фонду Нарын облусунун Кочкор районундагы муктаж адамдарга көмөк көрсөттү.

Фонд тарабынан Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Орток жана Ак-Талаа айылдарынын элине 15 тонна ун таратылды.

Жардам негизинен мугалимдерге, дарыгерлерге жана калктын аярлуу катмарын түзгөн муктаж жана көп балалуу үй-бүлөлөргө берилген.

Exit mobile version