Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде алтын утту.
Жумашбек уулу таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде түндүк кореялык спортчуну 5:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда ирандык спортчуну 11:7 эсеби менен утту.
Алтын үчүн кармашта Тайырбек Жумашбек уулу казакстандык Асыл Айтакын менен кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңди.
Тайырбек Жумашбек уулу Бишкектеги жеңиши менен экинчи жолу Азия чемпиону болду. Ал былтыр да Казакстанда өткөн Азия биринчилигинде жеңүүчү болгон.
Азыр Кыргызстандын куржунунда Бишкектеги Азия биринчилигинен 1 алтын, 2 коло бар. Буга чейин Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло байге тагынган.
Бишкекте 11-апрелде башталган Азия чемпионаты 16-апрелде жыйынтыкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жана 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.