Site icon Reporter.kg

Такси чакырып, айдоочусун тоноп кеткен шектүү кармалды

Ош облусунда таксинин айдоочусун тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук милицияга 26 жаштагы Б.М. уулу аттуу Ош шаарнын тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 25-январда болжол менен таңкы саат 05:00до белгисиз жаран такси чакырган. Айдоочу чакыруу боюнча барып, аталган жаран айткан Кара-Суу районунун аймагындагы бир дарекке жеткирген. Андан кийин ал жаран айдоочуну (жабырлануучуну) ур-тепкиге алып, 10 он миң сом акчасын жана кышкы курткасын тартып алган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

9-мартта кылмышка шектүү катары 30 жаштагы З.Ш. уулу аттуу Баткен облусунун тургуну кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Соттун чечими менен шектүү 30-апрелге чейин камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version