Site icon Reporter.kg

Тактыдан түшүп, түрмөгө отурган президенттер

Айрым дүйнөлүк лидерлер президенттик кызматтан кеткенден кийин эркинен ажыратылып, камакка алынышкан. Reporter.kg  ушундай башчылар тууралуу түрмөк даярдады.

Петр Порошенко, Украина

Петр Порошенко 2019-жылы шайлоодо Владимир Зеленскийге утулуп, Украинанын президенттигинен кеткен. Ага карата кылмыш иши 2021-жылдын декабрында козголгон, ал терроризмди каржылоо жана мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталган. Тергөө Порошенко өлкөнүн президенти болуп туруп Орусия менен келишим түзүп, Донбасстан Киев көзөмөлдөгөн аймакка көмүр экспорттоо схемасын түзгөн деп эсептейт. Порошенконун мүлкү камакка алынган. 17-январда ал баш коргоо чарасы боюнча соттук отурумга катышуу үчүн Варшавадан Киевге кайтып келген. 19-январда сот аны жеке милдеттери менен бошоткон.

Николя Саркози, Франция

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2012-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө ашыкча чыгым короткону үчүн күнөөлүү деп табылган. Ал 42,7 миллион евро короткон – бул мыйзам жол бергенден эки эсе көп. Сот экс-президент чектөөлөр тууралуу билген деп эсептеген. Саркози бир жылга эркинен ажыратылган — бул мөөнөттү ал электрондук билерик тагынса, үйүндө өтөй алат.  Буга чейин Саркози коррупцияга таасир эткени үчүн күнөөлүү деп табылган. 2021-жылдын 1-мартында сот аны үч жылга эркинен ажыраткан, анын экөөсү шарттуу түрдө кесилген. Экс-президент апелляциялык арыз менен кайрылган.

Николас Мадуро, Венесуэла

2020-жылдын март айында АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадуронун камакка алынышына себеп болгон маалымат үчүн 15 миллион доллар сыйлык сунуштаган. Вашингтон аны жана Түштүк Америка өлкөсүнүн башка жогорку даражалуу чиновниктерин баңги соодасына тиешеси бар деп эсептейт. 2016-жылы АКШда Мадуронун жубайынын эки жээни баңги аткезчилиги үчүн соттолгон (тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, АКШга болжол менен 800 кг өлчөмүндөгү кокаин партиясы жеткирилген). Алар 18 жылга эркинен ажыратылган.

Роберт Кочарян, Армения

Армениянын экс-президенти, 1998-2008-жылдары мамлекет башчысы болуп иштеген Роберт Кочарян 2008-жылдын 1-мартындагы нааразылык акцияларын таратуу боюнча козголгон кылмыш ишинде конституциялык түзүлүштү кулаткан деп айыпталган. Кочарян 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал өзү куугунтуктоону жеке жаза деп эсептейт жана күнөөсүн мойнуна албайт.

Мохаммед Мурси, Египет

2013-жылы Египетте президент Мурсинин саясатына каршы нааразылык акциялары башталган. Митингчилер аны шайлоо алдындагы убадаларын аткарбай, демократиялык эркиндиктерди сыйлабаганы үчүн айыпташкан. 2013-жылдын 3-июнунда Мохаммед Мурси армия тарабынан бийликтен четтетилип, эртеси камакка алынган. Мурси 2012-жылы Аль-Иттихадия президенттик сарайынын алдында демонстранттарды өлтүрүүгө шыкакчы болгон деген айып менен 2015-жылы 20 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда ал 2011-жылы «Мусулман агайындардын» (Орусияда террористтик деп табылган диний-саясий уюм) лидерлеринин түрмөдөн качышын уюштурган деген айып менен өлүм жазасына кесилген.

2016-жылдын июнь айында ал чет мамлекеттердин пайдасына тыңчылык кылган жана терроризм үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошол эле жылдын ноябрында Кассациялык сот тыңчылык жана абактан качуу боюнча чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, жаңы соттук териштирүүнү буйруган. Мохаммед Мурси 2019-жылдын 17-июнунда тыңчылык иши боюнча соттук отурумда каза болгон.

Пак Кын Хе, Түштүк Корея

2018-жылдын апрелинде Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе коррупция, мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар менен сыртынан 24 жылга эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары, ага 17,5 миллион доллар айып салынган.Тергөөнүн маалыматы боюнча, экс-президент Чой Сун Силдин жакын досу анын достугунан пайдаланып Samsung жана Lotte өңдүү ири корпорациялардан акча талап кылган. Пак Кын Хеге 2016-жылы импичмент жарыяланып, алты айдан кийин айып тагылган.

Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан  

Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин ага бир нече кылмыш иши козголгон. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча 11 жыл, эки айга абакка кесилген, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 6-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан. Бирок, көп өтпөй кайра кармалып, камакка киргизилген. Ал ошондой эле бир офицердин өмүрүн алган Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткан. Кийинчерээк ага 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча дагы айып тагылган. Мурдагы президент 337-берене («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган») боюнча шектелип жатат.

12 жыл мурда Апрель окуяларынын кийин июнда Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, жыйынтыгында 400дөй адам каза болгон. Атамбаев ал учурда Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп, экономикалык блокту көзөмөлдөгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version