Site icon Reporter.kg

Талант Иманов милдетин аткара албаса жоопко тартабыз, — Жапаров  

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде мамлекеттик төрт ири ишкананын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилиши боюнча түшүндүрмө берди.

Жапаров бул чечим санариптештирүү процессин тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максатында кабыл алынганын билдирген. Өлкө башчыга төмөндөгүдөй суроо узатылган.

— Кайсыл бир деңгээлде кооптонууларды жараткан дагы бир тема – Санариптик өнүгүү министрлигине бир катар мекемелерди өткөрүп берүү демилгеси. Кеп “Мегаком”, “Кыргызтелеком”, “Дастан”, Евразиялык банк тууралуу. Ал дагы айрым депутаттардын, активисттердин кооптонууларын пайда кылды. Кайра эле “Ширшовдун схемасы ишке ашуудабы” деген күмөн ойлор айтылып жатат?

— Одоно айтсам кечирип коюңуздар. Улуу сөздө уят жок, «Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» болуп атат.

Мен жогоруда 2010-жылга чейин “Дастан” заводунан уурдап жүргөндөр бар деп айтпадымбы. Ошолор баягы өздөрүнүн жасап жүргөн схемасын жасаганы жатышат деп шек санап жатышса керек.

Анда эмесе толук түшүндүрүп берейин.

Мен кызматка киришкенден баштап, Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою «цифровизация, цифровизация» деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип “цифровизация” иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан “жемдеринен” кур жалак калышат экен. Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет. Ушул эле мекемелердин айрым өкүлдөрү кабыл алуума келип, баарын бир министрликке топтобош керек деп шылтоолорун айтып ыйлашса, жанына киши тура албайт. Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук. Ошолор эле депутаттарга барып, баштарын айлантып жатышы мүмкүн. Депутаттар ишенип алышып, трибунадан кыйкырып кое беришет. Айрым учурларда өз кишисин министр кылам же ошол “Дастанга” жетекчи кылып алып барам деген ойлору да болушу мүмкүн. Парламенттин табияты ошондой.

Эки ай мурда адистерди топтоп, кандай кылганыбызда бир жылдын ичинде “цифровизацияны” киргизебиз деген теманы талкууладык.

Акыр аягында ушундай жыйынтыкка келдик.

«Дастан», «Кыргызтелеком», «Альфателеком», «Евразия сактык банкы» баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан.

Эң негизги себеби Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максаты менен байланышкан.

Бул чечимди ишке ашыруу менен мамлекет төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:

1) «Дастан» ачык акционердик коомунун милдети:

— маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча 2 мамлекеттик борбордун (МИЧ) ишин камсыздайт;

— менин көрсөтмөм боюнча түзүлгөн маалыматтык системаларды жана жаңы санариптик платформаларды үзгүлтүксүз интеграциялоону камсыздайт;

— мамлекеттик ишканалардын ортосунда учурдагы жүктөмдү эске алуу менен колдонуудагы эсептөө инфраструктурасын жана маалыматтарды сактоо системаларын бөлүштүрүүнү камсыздайт;

– өлкөнүн маалымат борборлорунун сапаттуу курулушун камсыз кылат;

⎯ өлкөдөгү юридикалык жана жеке жактар үчүн санариптик кызматтарды түзөт;

⎯ байланыш жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдигине бааларды оптималдаштырат жана өлкөнүн санариптештирүүгө корогон чыгымдарын азайтат, консолидациялайт;

— Дата-борбор бардык маалыматтык системаларды консолидациялоого, алардын коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн маалыматтык коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

2) «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун жана «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун милдеттери:

⎯ Бул акционердик коомдордун алкагында Кыргыз Республикасында санариптештирүү процесстеринин бирдиктүү башкаруу борбору түзүлөт;

⎯ Ал өз карамагына бирдиктүү платформа жана санариптик чечимдердин архитектурасын камтыйт;

— санариптик системаларды өнүктүрүүгө багытталган тендердик документтерди даярдоо боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт;

⎯ санариптик платформалардын бардык элементтерине маалыматтардын жүктөлүүсүн өлчөйт;

⎯ маалымат агымдарын жана байланыш каналдарын башкаруунун бирдиктүү борбору катары кызмат өтөйт;

⎯ мамлекеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтик саясатты оптималдаштырат;

⎯ Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана ведомстволорун жабдуунун консолидацияланган муктаждыгын калыптандырат;

⎯ байланыш каналдарын оптималдаштырат;

⎯ кызматкерлердин санын азайтып, компаниялардын мүмкүнчүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырат;

3) «Евразиялык сактык банкы» ачык акционердик коомунун милдети:

— Республикада толук кандуу санариптик банкты куруу учурдун талабы.

Аны ишке киргизүү менен биз төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болобуз:

А) Банктын санариптештирилген бизнес-процесстерин маалымат тутумуна киргизет. Бул бизнес-процесстин айкын аткарылышы менен тыгыз интеграциясын (шайкеш келишин) камсыздап, бизнес-процесстин графикалык моделдеринин болушуна өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, бизнес-процесстин графикалык моделдериндеги жана ишиндеги өзгөрүүлөрү тоскоолдуктарды жоюуда убакытты аз сарптоого көмөктөшөт.

— Маалыматтын бизнес-процесстеги өлчөө саны көп жана ал каттоодон өтөт: Биз KPI аркылуу көрсөткүчтөрдү, убакытты, сапатты, жыйынтык берүүнү, натыйжалуулуку, наркты жакшыртып, операциялык тобокелдиктер, кызматкерлердин жана кардарлардын иш-аракеттеринин бизнес-процессти аткарууда, катышууда таржымалын ачык көрө алабыз.

Б) Бизнес процессинде толук электрондук документ жүгүртүү;

— Азык-түлүк, кызмат көрсөтүүлөр баштаган жалпы алып-сатуу аракеттери электрондук түрдө ишке киргизилет жана бул кардарлардын өзүн-өзү түз тейлөөсүнө чоң көмөк көрсөтөт. Муну жарандар интернет-банкинг жана бул жааттагы башка кызматтар аркылуу колдонууга болот;

⎯ донорлор жана өнүктүрүү институттары менен иштөөдө ишканалардын инвестициялык артыкчылыгын жогорулатат.

Бул иштердин баарын бир жылда ишке ашырасың деп министр Имановдун алдына милдет койдум. Андан бери эки ай өттү. Он ай убактысы калды. Ошондуктан тоскоол болбой жардам гана берип турушубуз керек. Айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса жоопко тартабыз. УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги Ширшовго же министрге схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай, “эшек такалап” олтурушкан жок. Андан сырткары, биз уурдатып коюп карап олтурбайбыз. Биз деле кыргыздын “еврейибиз”. Чычканга кебек алдырбайбыз (күлүп).

Депутаттар айткандай, саткыбыз келсе ызы-чуу кылып олтурбай азыркы турушунда деле сатып жибербейт белек. Министрлик баш болуп баары өкмөттүн колунда турат го.

Exit mobile version