Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов менен «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болду. Аларга 10-август күнү партиясынын төрагасы Канатбек Исаев партбилет тапшырды.
Талант Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан тизме менен, 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика Ата Журт» саясий партиясынан депутат болгон. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген.
Даир Кенекеев 2011-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген. 2015-жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
2018-жылы Даир Кенекеев «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси болуп дайындалган.