Site icon Reporter.kg

Талант Мамытов менен Даир Кенекеев «Кыргызстан» партиясына кошулду

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов менен «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болду. Аларга 10-август күнү партиясынын төрагасы Канатбек Исаев партбилет тапшырды.

Талант Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан тизме менен, 2015-жылы  Жогорку Кеңештин VI чакырылышына  «Республика Ата Журт» саясий партиясынан депутат болгон.  2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген.

Даир Кенекеев 2011-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген. 2015-жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

2018-жылы Даир Кенекеев «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси болуп дайындалган.

Exit mobile version