Талант Мамытов Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Талант Мамытов Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, төрага Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын бир мүнөт унчукпай туруп эскерген. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышкан.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барган. Иш сапардын жүрүшүндө ал Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен  жолугат. Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович  жана КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен жолугушары белгилеген.
[su_image_carousel source=»media: 51069,51070,51071,51072″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>