Талас аймагында өткөн жылы 211 өрт кырсыгы катталды

Талас аймагында өткөн жылы 211 өрт кырсыгы катталды

Таласта тилсиз жоодон 494 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

 Талас облусунун аймагында 2019-жылдын 12 ай ичинде 211 өрт кырсыгы катталды. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 9 миллион  сомдон ашык түздү.

 Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -25%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 29,9%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда — 6,6%, балдардын от менен ойноосунан -12,8%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан  58,3% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Кара-Буура районунда 71 өрт -(33,6%) Манас району 43 өрт-(20,5%), Талас шаары 42 өрт-(19,9%), Талас району 32 өрт-(15,5%), Бакай-Ата району 23 өрт-(11%) кырсыгы катталган.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (123) өрт жана 5 млн. 584 мин 762 сом материалдык чыгымды түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>