Site icon Reporter.kg

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип Талас Бегалиевдин кармалганы айтылууда

УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен үч жарандын кармалганын билдирди. Жергиликтүү басылмалар алардын бири Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев экендигин жазып чыгышты.

УКМКнын маалыматында, «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобунун курамына кирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо фактысына төмөнкү жарандарынын катыштыгы бар экендиги аныкталган:

«Уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери К.Асанбек, А. Анапияев жана Ч. Жумагулов Б.Т.К. менен сүйлөшүп, ок атуучу куралды АКСУнун автоматын, психологиялык басым жана күч колдонуу аркылуу Кыргызстандын жаранынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан 2 млн. долларга бааланган 2 га жер тилкесин тартып алышкан. Белгилүү бир убакыттан кийин Б.Т.К.нын жакын туугандарына кайрадан каттоодон өткөн.

Мындан тышкары, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Б.Т.К., Т.А.Т. жана Т.Ч. опузалап акча талап кылуу жана физикалык жактан жок кылам деп коркутуу аркылуу Кыргызстандын жаранынан 300 миң АКШ долларын алгандыгы аныкталган, ал кийин «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбекке өткөрүлүп берилген, көрсөтүлгөн факт боюнча КР УКМК дарегине ишкердик субъекттеринин өкүлдөрүнүн бири кайрылган»,- деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат Б.Т.К.  Ички иштер министрлигинде иштеп турганда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин «калкалоо» менен, кызматтык мүнөздөгү маалымат берип, колдоо көрсөткөнүн билдирди.

Мындан улам 16-майда жогоруда  аталган адамдар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде №21 тергөө абагына камакка алынган.

Exit mobile version