Site icon Reporter.kg

Талас: Көк-Токой айылынан 13 жашар бала жоголуп кетти

19-апрель күнү Талас районунун Көк-Токой айылынан 13 жашар бала жоголуп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 19-апрель күнү Талас районунун Көк-Токой айылынын тургуну 2009-ж.т. И. У. аттуу жаш бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 20-апрель күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 41 куткаруучу, 18 милиция  кызматкер, туугандарынан 20 киши тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери  саат 19:00 чамасында убактылуу токтотулган. Саат 21:12 чамасында жогору аталган баланын атасы (Курманбаев И.) уюлдук телефон  аркылуу чалып, баласы аман-эсен табылгандыгы тууралуу маалымдаган.

Exit mobile version