Талас милициясынын көчмө кабылдамасына автоунаа тапшырылды

Талас милициясынын көчмө кабылдамасына автоунаа тапшырылды

17-мартта ички иштер министри милициянын генерал-майоруяз  Улан Нибеков Талас облустук ички иштер башкармалыгына иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдамасынын автоунаасын тапшырылды. “Мерседес-Бенц-Спринтер”  үлгүсүндөгү унааны министрликке коомдук жарандар демөөрчүлүк катары кызматтык колдонууга беришкен.

“Унаа жарандардын көйгөйлөрүн жеринен чечүү жана алардын кайрылууларына ыкчам аракет кылуу максатында берилүүдө. Калкты укуктук жактан коргоп, коомдук коопсуздукту сактоодо мындан дагы жакшы иштөөгө күч-аракеттерди жумшагыла. Ар бир кайрылууга обьективдүү текшерүү жүргүзүп, ыкчам чечүү керек», — деген министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>