Талас облусунда калкты пландык эмдөө иштери жүргүзүлүүдө

Талас облусунда калкты пландык эмдөө иштери жүргүзүлүүдө

Талас облусунда калкты пландык эмдөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Аталган облустун иммунологу Чолпон Сагындыкова билдиргендей, Таластагы айрым айыл өкмөттөрдө калкты эмдөө иштери 60%га аткарылды.

“Быйыл календардык планга ылайык, эмдөө иштерин өз учурунда баштадык. Бирок COVID-19 илдети күчөп, июль айында калкты вакцинациялоо басаңдай түштү. Учурда Талас шаары боюнча 1 жаштагы балдар 40%, 2 жаштагы балдар 37%, 6 жаштагы балдар 38% эмделип бүттү. Сентябрь-октябрь айларында дубандын жашоочуларынын 90% эмдөөгө аракет кылабыз. Учурда облус боюнча мобилдик топтор үймө-үй кыдырып, даректүү эмдөө жүргүзүшүүдө”, — деп белгиледи Сагындыкова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>