Site icon Reporter.kg

Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган. Мындан улам 26-январда кырдаалды жөнгө салуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Талас районунун аймагында райондук деңгээлдеги «Өзгөчө кырдаалдар» режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу үчүн учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, 6 кызматкер жана 1 АСМ тартылган.

Буга чейин 12-январда Майлуу-Суу шаарына дагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ал катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, мындан улам элге жылуулук берүү жана таза суу үзгүлтүккө учураганы менен байланыштуу болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version