Site icon Reporter.kg

Талас шаардык милициянын тергөөчүсү пара менен кармалды (ВИДЕО)

Талас шаардык милициясы тергөөчүсү опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, “С.Б.” аттуу жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталды. 2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны “А.Д.Д.” кармалды.

 

Ушул тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Exit mobile version