Site icon Reporter.kg

Талас: Шаарга 29 жашар вице келди

29 жаштагы Асылбек Рахманов Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп шайланды.  Бүгүн Талас шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында шайлоо болуп, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шайланды.

Асылбек Рахманов 1992-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган. 2018- 2020-жылдарга чейин аталган университетте мугалим болуп иштеген. 2015-жылдан баштап бейөкмөт уюмдарында эмгектенгени айтылууда.

Exit mobile version