Site icon Reporter.kg

Талас шаарындагы «Кыргызпочтасынын» имараты мамлекетке кайтарылды

УКМК Талас шаарындагы «Кыргызпочтасы» ААКнын имараты мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн объект «Б» категориясындагы (маанилүү объектилер) стратегиялык объект экендиги аныкталган.

Азыркы учурда имараттар 14 сотых жанаша жайгашкан жер тилкеси менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version