Таласта үй шартында багылган аркардын баласы НАБУ уюмуна өткөрүлүп берилди — видео

Таласта үй шартында багылган аркардын баласы НАБУ уюмуна өткөрүлүп берилди — видео

Талас облусунун Кара-Буура районунда корукчу болуп иштеген Медетбек Жаманкулов үй шартында багып келген аркардын баласын НАБУ жаратылышты коргоо уюмуна өткөрүп берди. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Жаманкулов өзү кабарлады.

Медетбек Жаманкуловдун айтымында, аркардын баласын ал тогуз ай мурун тоого рейдке чыккан учурда таап алган.

“Туулганына эки эле күн болгон, киндиги кургай элек аркардын баласы асканын астында жатыптыр. Биз элыс туруп алып, энесин күттүк, бирок келген жок. Анан ит-кушка жем болбосун деп үйгө алып келдик”, — деди Жаманкулов.

Жаманкулов кызыл китепке кирген аркардын баласын, өлүп калса айып пул төлөп калбайын деп адегенде эч кимге айткан эмес.

“Эки айга чейин эч кимге билдирбей багып келдик. Эки айдан соң тиешелүү жактарга кабар бердик. Адегенде ага 1,5 литрге чейин уйдун сүтүн берип жүрдүк. 3 айдан кийин 1 литр сүт, жем чөп бере баштадык. Ал кадимкидей колго көнүп, бизге үйрөнүп кетти. Кечээ НАБУнун өкүлдөрү алып кетерде үй-бүлөбүз менен ичибиз ачышты. Кичинекей кызым кадимкидей ыйлады”, — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>