Таласта өлкөгө мыйзамсыз кирген чет элдик жарандар кармалды

Таласта өлкөгө мыйзамсыз кирген чет элдик жарандар кармалды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-мартта Талас облусунан коңшу мамлекеттин 2 жараны кармалды. Алар март айынын башында мамлекеттик чек аранын өткөрүү пунктунан тышкары жерден, тагырагы Талас облусунун чек ара айылдарынын бири аркылуу мыйзамсыз өткөнү аныкталган.

Бул факты боюнча 358-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү) менен сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

“Кармалган адамдар Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп кабарланат.

 

Тэги: ИИМ УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>