Site icon Reporter.kg

Таласта 10,8 млн сомдук 9,43 гектар жер мамлекетке кайтырылды

Таласта мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Таластын прокуратурасы текшерүү учурунда Айтматов районунун Чолпонбай айыл өкмөтүндөгү 9,4 гектар жер аянты жана Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүндөгү 300 чарчы метр (3 сотых) жер тилкеси жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнү аныктаган.

Текшерүүнүн натыйжасында баасы 10 млн 893 миң сомду түзгөн 9,43 гектар жерлер мамлекеттин менчигине кайтарылган.

“Бүгүнкү күндө тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version