Таласта 12 жашар кыз зордукталды

Таласта 12 жашар кыз зордукталды

Талас шаарында 12 жашар кызды зордуктоого эки өспүрүм бала шектелүүдө. Бул маалыматты «Репортерго» Талас ОИИБинен тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда болгон.

“18-ноябрда Талас шаарынын 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 17-ноябрь күнү саат 22:00дөр чамасында 2008-жылы төрөлгөн кызын 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүм күч колдонуп зордуктап салганын жазган.  

Арыз Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, 161-берене (зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда аталган факты боюнча соттук экспертизалар даярдалып, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>