Site icon Reporter.kg

Таласта 14 жаштагы өспүрүм өз үйүндө асынып алды

Талас облусунда 14 жаштагы өспүрүм үйүндө асынган абалда табылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-декабрда милицияга Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, 17-декабрда, 14 жаштагы А. С. аттуу өспүрүм үйүндө каза болгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, Бакай-Ата райондук милициясынын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу жеринен барып текшерүү жүргүзгөн.

«Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылында өспүрүм өз үйүнүн артында асынып каза болгондугу аныкталган. Анын жансыз денеси 18-декабрда жерге берилгендиги такталган. Бул окуя боюнча жакындары эч кимге арыз-дооматы жоктугун билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version