Site icon Reporter.kg

Таласта 14,73 га жер тилке мамлекетке кайтарылды

Таласта 14,73 га жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Айтматов районунун прокуратурасы текшерүү жүргузүп, Кара-Буура айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы 14,73 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөндүгүн аныктаган.

Жыйынтыгында баасы 6 млн 838 миң сом болгон жер мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Exit mobile version