Site icon Reporter.kg

Таласта 2 жаштагы Рамзан Айткулов изделүүдө

Бакай-Ата районунда 2 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Талас облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата районунун милициясына Өзгөрүш айылынын тургуну саат 15:30 чамасында Өзгөрүш айылынын Субан көчөсүнүн №150 үйүнөн 2019-жылы туулган Айткулов Рамзан Адилетович үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп кеткендигин билдирген.

Дайынсыз болуп жаткан Рамзандын апасы саат 15:00 чамасында үйүнүн алдында кайненеси экөө кир жууп жатканда баласы жанында басып ойноп жүргөнүн, жарым сааттан кийин эле баласын издеп таппай калышканын айткан.

Баланы табуу үчүн 80ден ашык милиция кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери менен жергиликтүү айыл тургундары биргеликте Кара-Суу жана Талас дарыясын бойлоп издөө иштерин жүргүзгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык ал Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн.

Азыркы учурда дайынсыз жоголгон Рамзан Айткуловду табуу максатында Талас дарыясынын жээгинде жана токойдо издөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Талас ОИИБи 2 жаштагы баланы көргөн билгендер болсо, кабарлап коюну суранат.

Белгилери: бою болжолу менен 55-65 см, дене түзүлүшү толук, чачы кыска күрөң түстө, көздөрү күрөң түстө.

Кийген кийими: кара түстөгү водолазка, кызыл түстөгү чермей (безрукавка) астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү көлөч.

Жогорудагы бала тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102ге же болбосос 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153 номуру аркылуу милицияга кабарлап коюуңуздарды суранат.

Exit mobile version