Site icon Reporter.kg

Таластын Көк-Сай айылында 74,4 млн сомго жаңы мектеп курулду — видео

Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында жаңы мектептин курулушу аяктап, колдонууга берилди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш 2013-жылы башталып, ар кандай себептер менен аягына чыкпай калган.

«2022-жылы мамлекеттин бюджетинен 74 491 834 сом бөлүнүп берилген. Билим уясы 225 окуучуга ылайыкталып, керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Мамлекет 2023-жылы дагы жаңы мектептерди курууга жана жалпы эле билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Exit mobile version