Site icon Reporter.kg

Таласта 875 миң сомдук аткезчилик тамеки кармалды

Талас облусунда аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы тилкелердин биринде Мерседес Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Салондон тиешелүү документтери жок 90 куту тамеки табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, товардын баасы 875 миң сомду түзгөн.

Айдоочу жүктү Кыргызстандан Казакстанга сатуу үчүн ташууну пландаган. Кармалган айдоочунун документтери толтурулгандан кийин унаа жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version