Талас районунда жергиликтүү тургун жамгырлатып сугаруу системасын орнотуп, төө буурчак талаасын иштетип жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай бул жамгырлатып сугаруу технологиясы Талас районунда биринчилерден болуп орнотулган. Ал үчүн 300 кубдук кыймылдаткыч Алматы шаарынан, ал эми шланг, түтүктөр Шымкенттен алынып келинген.
«Бул ыкма менен жергиликтүү тургун 1000 метр (500 метр жогору, кайра 500 метр төмөн) аралыктагы талаасын сугарып жатат. Суунун басымын трактордун жардамы менен камсыз кылышат. Бирок аны кыймылдаткыч менен дагы иштетүүгө мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.
Дыйкандын айтымында, жамгырлатып сугаруу ыкмасы жергиликтүүлөр үчүн ыңгайлуу, сууну сарамжалдуу колдонууга шарт түзөт. Тактап айтканда, 20 солго корой турган суу менен 60 солду кенен сугарууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Министрлик ушул жылы Таласта суу тартыш болуп, май айынан баштап облус боюнча сууну которуштуруу (водооборот) ыкмасына өткөнн билдирди.