Site icon Reporter.kg

Таласта айыл чарба жерине үй салайын деген жаранга айып салынды

Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургунуна жер кыртышын бузгандыгы үчүн айып салынды. Бул тууралуу Айылч арба министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, айыл тургуну (Э.Н.) Талас – Тараз жолунун түштүк тарабындагы айыл чарба жерине үй куруу үчүн мыйзамсыз казып, жер кыртышын бузган. Ал үчүн ага айып салынган.

Ошондой эле жерди бузууда келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелип, мамалекеттин эсебине өндүрүп алынган.

Exit mobile version