Site icon Reporter.kg

Таласта «Альянс Гидро» менен КРӨФ Жерүй чакан ГЭСин курат

Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фонду менен «Альянс Гидро» компаниясы Талас облусунда Жерүй ГЭСин курууга 25 млн доллар бөлөт. ГЭСтин курулушуна жалпы 30 млн доллар кетет деп эсептелген.

Тиешелүү келишимге бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Кыргыз-орус экономикалык форумунда кол коюлду.

Аталган ГЭСтин кубаттуулугу 28 МВт болуп, жылына 100 млн кВт/саат электр энергия чыгарат.

«2025-жылдын январь айында курулуш иштерин баштап, алар аяктагандан кийин 2026-жылдын экинчи чейрек бөлүгүндө ишке беребиз деп пландап жатабыз. Бул долбоор «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен да жүзөгө ашырылып жатат», — дейт «Альянс Гидро» компаниясынын башкы директору Александр Абрамов.

Жерүй ГЭСи долбоорун ишке ашырууда айлана-чөйрөгө минималдуу таасир болот: ГЭС курууда чоң жерлер суу алдында калбайт, жер көчкү тобокелдиги аз болот.

Бул долбоор электр энергиянын тартыштыгын азайтууга багытталган. Натыйжада Таластагы ГЭСтин курулушу облустун туруктуу өнүгүшүнө, энергетикалык көз карандысыздыкты арттырууга, ири ишканаларды электр энергия менен камсыз кылууга өбөлгө түзүлөт.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 11-октябрда Жалал-Абад шаарында өткөн Кыргызстан менен Россиянын аймактар аралык конференциясында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду, «Альянс Гидро» компаниясы жана президенттин Таластагы өкүлчүлүгүнүн ортосунда Таласта чакан ГЭС куруу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлган.

2022-жылы декабрда «Росатом Борбор Азия» компаниясы Таластагы Жерүй алтын кенинде ГЭСтин курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыккан.

 

Exit mobile version