Site icon Reporter.kg

Таласта автобекеттин жери мамлекетке кайтарылды

Таластын Манас районунун Семетей (мурдагы Покровка) айыл өкмөтүндө автобекеттин 0,28 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган жер «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын Таластагы бөлүмүнө таандык болгон. Бирок 2013-жылы айыл өкмөтү жерди жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жер мамлекетке кайтарылган.

Exit mobile version