Site icon Reporter.kg

Таласта автоунаадан өрт чыгып айдоочусу көз жумду

Талас шаарында автоунаа өрттөнүп, ээси түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда Талас шаарынын Байгабылов көчөсүндө Chevrolet Lanos үлгүсүндөгү жеңил автоунаа өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоонун кесепетинен 44 жаштагы Б.М. аттуу автоунаанын ээси түтүнгө ууланып каза болгон. Унаанын мотор жана багаж бөлүгү күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Exit mobile version