Site icon Reporter.kg

Таласта аялын күйөөсү мыкаачылык менен өлтүрдү

Талас шаарында аялын күйөөсү мыкаачылык менен өлтүрдү. Бул туурасында Талас облустук милиция билдирүү таратты.

Маалыматка караганда,  29-декабрь күнү 10:40 чамасында «Тез жардам» кызматы милицияга Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болгону тууралуу кабарлаган. Текшерүү учурунда денесинде көк ала тактар бар экен аныкталган.

Кымышка шектелип маркум аялдын 33 жаштагы күйөөсү кармалды.

Милиция факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде («Киши өлтүрүү») кылмыш иши козгогон.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары келиндин күйөөсү жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштей турганын, аялын сабап, эс-учун жоготуп койгондо «Тез жардамды» өзү чакырганын жазып чыгышты.

Exit mobile version