Site icon Reporter.kg

Таласта Азия чемпионатында коло уткан боксчу Ташкул Аменгелдиев сыйланды

Талас шаарынын мэриясы Бириккен Араб Эмираттарында өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатында коло уткан боксчу Ташкул Аменгелдиевге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр Байышбек Астанакулов жана анын орун басары Эркин Аскаров мушкер балага «Ыраазычылык кат» жана 20 миң сомдун сертификатын тапшырган.

Эскерте кетсек, өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Азия чемпионаты 27-августтан 10-сентябрга чейин өткөн. Ташкул Аменгелдиев 35 кг салмакта күч сынашкан.

Exit mobile version