Таласта экстремизмге каршы иш чара өткөрүлдү

Таласта экстремизмге каршы иш чара өткөрүлдү

Талас облусунда диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы форум өттү. Бул тууралуу обулстук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

«Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» аталышындагы иш-чарага  күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, дин ишмерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар болуп 500 адам катышкан.

Иш-чарада ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграциягы каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган ролик көрсөтүлүп, жаштар тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрсөтмө менен чагылдырылган. Мындан сырткары облустагы терроризм менен экстремизмге каршы жасалып жаткан иштер талкууланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>