Site icon Reporter.kg

Таласта эне менен уул-кызын сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Таласта эне менен уул-кызын сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Айдоочу — 29 жаштагы К.Б. аттуу жаран. Милициядан билдиришкендей, учурда ал тергөө кызматында суракта отурат. Андан кийин ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынат. Анын бөгөт чарасы 48 саат ичинде каралат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 23-октябрда Таласта «Хендай Грандер» унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, жөө өтмөктөн өтүп бараткан аялды жана анын уул-кызын сүзүп кеткен. Андан кийин дагы үч унааны сүзгөн.

Жол кырсыктын айынан 31 жаштагы келин, 6 жаштагы кызы жана 4 жаштагы баласы көз жумган.

Жол тескөөчүлөрү күнөөкөр айдоочуну милициянын тергөө кызматына өткөрүп берген.

Таластагы жол кырсыкта эне менен уул-кызы каза болду

Exit mobile version