Site icon Reporter.kg

Таласта энергетиктер көзү өтүп кеткен жарандын карызын кечпей жатат

Таласта энергетиктер жарандардын электр жарыгына акыны төлөгөндүгүнө карабай карызын жойбой жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Талас облусунда эл менен жолугушуусунда айтылды.

Анда жергиликтүү тургун карыз эсептери жокко чыгарылбай жатканына даттанды. Анын айтымында, каза болгон жаранга дагы электр энергиясы үчүн эсеп чыгарып берип жатышат.

“Ал кишинин каза болгонуна көп убакыт болгон. Өлгөн адам кантип электрдин карызын төлөмөк эле? Карызы калганы аз келгенсип, туумдар да кошулуп жатат”, — деди ал.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Талант Эдилев жергиликтүү органдар аталган арызды карай турганын, мыйзамга ылайык мындай учурда карызды жоюу керектигин айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version