«Киров» суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал 25-июлда куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.
Ал Ч.Айтматов районундагы «Киров» суу сактагычына 23-июлда эс алуу учурунда чөгүп кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз