Site icon Reporter.kg

Таласта эс алуу учурунда 22 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

«Киров» суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал  25-июлда куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.

Ал Ч.Айтматов районундагы «Киров» суу сактагычына 23-июлда эс алуу учурунда чөгүп кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version