Site icon Reporter.kg

Таласта граната менен мылтык катылган жер табылды

Талас облусунда курал жана жардыруучу зат жашырылган жери табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2-февралда УКМКнын Чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын саперлору менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында, Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай аныкталып, андан жарылуучу зат (РГД-5) жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги мылтык табылып алынган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version