Site icon Reporter.kg

Таласта келин шылуунга 1 млн сомун алдырып койгон. Шектүү катары банк кызматкери кармалды

Талас облусунун милициясы Нарында банкта иштеген кызматкерди алдамчылыкка шектеп кармады. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 2-декабрга Айматов райондук милициясына 26 жаштагы келин кайрылып, шылуундарга алданып, акчасын алдырып койгонун билдирген.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, келинге «Ватсап» аркылуу белгисиз жаран байланышып, онлайн иштеп, акча табууну сунуштаган. Белгисиз адамдын айтканы боюнча келин анын «Ватсапка» келген шилтемелерди башкалар менен бөлүшүп туруусу керек болгон. Алгач бөлүшкөн шилтемелери үчүн анын «Мбанк» картасына 200, 500 сомдон түшүп турган.

Бул жумушка азгырып алган соң жанагы киши көбүрөөк акча табууну сунуштаган. Сунуш боюнча келин анын электрондук капчыгына акча салуусу керек болгон. Алгач келин 8-ноябрда 12 миң 800 сом акча салган. Бирок салган акчасы кайра толук кайтарылбагандыктан, шылуун дагы акча салып, көбүрөөк акча кайтарып алууну сунуштаган.

Салган акчаларын кайра кайтарып алуу үчүн келин ага 9 жолу акча салып, баш-аягы 1 млн 27,8 миң сом которуп берген. Жыйынтыгында буга чейин байланышып жаткан номер өчүрүлүп, алданганын билген келин милицияга келген. Келин акча табууну сунуштаган адамды бир да жолу көргөн эмес, бирок оңой акча табуу азгырыгына алданып калган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Нарын шаарындагы банктардын биринде иштеген 26 жаштагы жигит (Т.Р.) кармалган. Андан чет өлкөлүк банктын 1 картасы, Кыргызстандын банктарынын 6 картасы, 1 төлөм картасы жана уюлдук телефон табылып алынган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө арыз ээсинин (келиндин) акчалары шектүүнүн электрондук капчыгына жана ага таандык болгон банк эсебине которулгандыгы такталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн башка иштерге катыштыгы текшерилип, тергөө жүрүүдө.

Exit mobile version