Site icon Reporter.kg

Таласта Манастын айкели тургузулду

Талас шаарынын борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, айкелдин ачылышы Нооруз майрамынын алкагында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты.

Майрамдык салтанатта Улуттук «Манас» театрынын атайын концерттик программасы тартууланды.

Иш-чара улуттук тамак аштардын көргөзмөсү менен уланып, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version