Site icon Reporter.kg

Таласта мектеп менен бала бакчалар карантинге жабылды

Таласта мектеп менен бала бакчалар карантинге жабылды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 13-декабрда саламаттыкты сактоо тармагын башкаруу боюнча облустук Координациялык кеңештин жыйыны болуп өтүп, анда 14-декабрдан тарта мектеп менен бала бакчаларды карантинге жабуу чечими кабыл алынган.

«Жыйында 13-декабрга карата эпидемиялык абал талкууланып, инфекциялык окуялардын жайылып кетишин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 14-декабрдан 24-декабрга чейин Талас облусундагы бала бакчаларды жана мектептерди карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version