Таласта обсервациядагылар үчүн чын эле шарттар түзүлгөн эмеспи? — Штабдын жообу

Таласта обсервациядагылар үчүн чын эле шарттар түзүлгөн эмеспи? — Штабдын жообу

Коронавирустун алдын алуу боюнча түзүлгөн Талас облустук штаб Соль-Илецктен келгендер жаткырылган обсервациянын шарттары менен  тааныштырды.

Буга чейин үй карантинге чыгарылып, кичи мекенине баргандар обсервацияда даараткана, жуунучу жай жок экендиги жана төшөнчүлөрдүн биттеп кеткенин айтып чыгышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова «Репортерго» маалымат берип,  видеодогу айтылгандарды четке какты. 

“Ал жерде бардык шарттар түзүлгөн. Аларды дагы түшүнүп турабыз,балдар 17-марттан бери жолдо жүргөндүктөн обсервацияга жаткылары келбей бир аз бейбаштык кылышкан. Эч кандай төшөнчүлөр биттеген эмес, балдар өздөрү эле эшиктен майда жандыктарды алып келип төшөнчүнүн үстүнө салып коюшкан. Мындан сырткары жуунучу жай дагы, даараткана дагы бар. Балдар менен сүйлөшүү өткөрүлгөн соң алар талаптарга көнүштү. Учурда алар обсервацияда жатышат, эч канай дооматтары жок”, — деди ал.

Айжамал Шамбетова үй карантинине чыгарылгандарды кайрадан обсервацияга алынышын мыйндайча түшүндүрдү.

Алардын колдорунда “анализдери таза” деген аныктамасы дагы бар. Бирок биз эпидемиологдор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, аларды дагы бир жума карантинге алуу чечимин кабыл алдык. Анткени кээ бир адамдарда оорунун белгилери 28 күндөн кийин аныкталат. Жуманын аягында анализдери таза чыкса үйлөрүнө жиберилет”, — деди Шамбетова.

Обсервацияда жаткандарга 20-майга караган түнү Кадыр түндө Бакай-Ата районунун акими бешбармак даярдап берген.

Буга чеийн Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна барары менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынганын  республикалык штаб маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>