Site icon Reporter.kg

Таласта өспүрүм кыз көз жарды

Талас облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 16 жаштагы кыз көз жарды. Мындай маалыматты “Репортёрго” облустук милициядан тастыкташты.

Билдирүүгө таянсак, учурда ымыркай менен энесинин абалы жакшы.

“Бул факты 25-майда катталды. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүштун алкагында тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө”, — деди Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан.

 

Exit mobile version