Таласта сууга чөккөн баласын куткарам деген келин кошо чөгүп кетти

Таласта сууга чөккөн баласын куткарам деген келин кошо чөгүп кетти

Таласта жаш келин баласы менен сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгочө кырдаалдар (ӨКМ) министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ,  14-февраль күнү саат 16:56 чамасында Талас районунда Арал айылында болгон. Анда көлмөгө 3 жашар бала чөгүп кеткен, аны сактап калууга аракет кылган апасы да сууга түшүп ал да чөгүп кеткен.

Окуя болгон жерге ӨКМнын 4 куткаруучусу тартылган. Алар барганга чейин баланын жансыз денесин атасы суудан алып чыккан. Куткаруучулар келиндин жансыз денесин суудан алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>