Site icon Reporter.kg

Таласта сувенир акчалар сатыктан алынууда

Таласта сувенир акчалар сатыктан алынууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери базарда, соода түйүндөрүндө сувенир катары сатылган акчалар боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Сатыктагы сувенир акчалар чыныгы акчаларга окшош болгондуктан, карапайым адамдар алданып калышы мүмкүн экени айтылган.

Ошондой эле мындан ары сувенир акчалар сатыла турган болсо, Укук бузуулар кодексинин 304-беренесинин негизинде жарандарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынары эскертилген.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө 1000, 2000, 5000 сом, 100 доллар жана 500 евро сувенир акчалар сатыктан алынган.

«Жунхай Дордой» базарында сувенирдик банкнотторду саткан соодагерлерге айып салынды

Exit mobile version